Тольятти шаарындагы хостелде жашаган 23 мигрант ууланды

Окуя 20-июлга караган түнү болгон. Жабыркагандардын жарымы ооруканага жеткирилген, учурда абалдары канааттандырарлык экени айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Россиянын Тольятти шаарында хостелде жашаган Өзбекстандын 23 жараны ууланды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды. 

Окуя бүгүн түнү болгон. Жабыркагандардын 13ү ооруканага жеткирилген. Абалдары канааттандырарлык экени айтылат.

Факты боюнча Тольятти борбордук районунун прокурору Рамис Сабирзянов текшерүү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгы боюнча чет өлкөлүк жарандарды жайгаштыруу жана тамактандырууну уюштуруу чөйрөсүндөгү ишкердиктин мыйзамдуулугуна баа берилет.