Токио Олимпиадасында COVID илдетине чалдыккан 9 жаңы учур катталды

1-июлдан бери Токиодо Олимпиадага тиешеси бар чет өлкөлүктөрдөн жана япониялыктардан жалпысынан оору жуктурган 67 учур катталган.
Sputnik

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Токиодогу Олимпиада оюндарында коронавируска чалдыккан дагы тогуз учур катталды. Бул тууралуу Р-Спорт маалымат булагы жазды. 

Токио Олимпиадасы 23-июлда башталып, 8-августта жыйынтыкталат. Дүйшөмбү күнү Kyodo агенттиги АКШлык гимнастика боюнча спортчу кыз Япониядагы машыгуу лагеринде тапшырган тестинде коронавирус илдети аныкталганын жазган. Спортчу кыздын ысымы айтылган эмес.

Олимпиада: спортчу төшөк мамилесине жол бербейт делген керебетти сынап көрдү
17-июлдан 19-июлга чейин алынган ПЦР-тесттердин жыйынтыгы менен коронавирус аныкталган дагы тогуз учур катталды.

Илдетке кабылган атлеттин кайсы өлкөнүн өкүлү экени айтыла элек. Мындан сырткары, Японияга келген командалардын биринин персоналынан, бир жергиликтүү ыктыярчыдан жана Олимпиадада иштеген алты жергиликтүү подрядчыдан оору табылган. 1-июлдан бери Токиодо Олимпиадага тиешеси бар чет өлкөлүктөрдөн жана япониялыктардан жалпысынан 67 учур катталган. Ошондой эле Токионун сыртында жайгашкан машыгуу лагеринде төрт спортчу жана персоналдан илдеттин белгилери аныкталган.