БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Ош шаарындагы борбордук "Сулайман-Тоо" мечитинде алты миңдей киши айт намазын окуду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Иш-чарага катышкан шаар мэри Таалайбек Сарыбашов Курман айт майрамы кылымдардан бери элдин биримдигин бекемдеген кең пейилдиктин, кайрымдуулуктун, кечиримдүүлүктүн жана боорукерликтин майрамы болуп келгенин белгиледи.
"Курман айт күнү бардык тилектериңерди Жаратканыбыз кабыл кылсын. Жакшы ой-максаттарыңар ишке ашсын. Кыргызстаныбызда, шаарыбызда тынчтык болсун! Ар үй-бүлөдө тынчтык болсо, мамлекетибизде тынчтык болот. Ар бир үй-бүлөгө жараткандын мээрими түшсүн", — деди мэр.
Эскерте кетсек, бүгүн Ош шаарындагы 41 мечитте айт намазы окулду.