Ар бир жандын саламаттыгы аманат. Муфтий Ракиев элди куттуктады

Ракиев өлкө мусулмандарына кайрылып, ыйык Курман айт майрамында ынтымакка, сабырдуулукка, биримдүүлүккө жана кайрымдуу болууга чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Өлкөнүн мусулмандарынын муфтийи Замир кары Ракиев кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады. Диний башкармалыктын башчысынын куттуктоосун муфтияттын маалымат кызматы таратты.
Аруулуктун майрамы. Жапаровдун Курман айтка карата куттуктоосу
Муфтий пандемиядан улам быйыл ажылык болбой калганын, азыр деле өлкөдө эпидемиологиялык абал сакталып турганын айтып, коомчулукту санитардык эрежелерди сактоого чакырды.
"Ар бир жандын саламаттыгы аманат. Кара тумоодон элибизди Жараткан Алла-Таалам эртерээк чыгарып, дарыгерлер көрсөткөн эрежелерди так сактайлы. Ооруп жаткан бир туугандарыбызга Кудай шыпаасын берсин", — деди муфтий.
Ракиев өлкө мусулмандарына кайрылып, ыйык Курман айт майрамында ынтымакка, сабырдуулукка, биримдүүлүккө жана кайрымдуу болууга чакырды.
Муфтий Курман айт майрамы менен элге жакшылык, молчулук, токчулук, бакубат жашоо келишин тилеген.