Доллар кайрадан кымбаттап кетти. Күйүүчү майдын баасы кандай

Sputnik Кыргызстан редакциясы Бишкекте алтын, күйүүчү май жана чет элдик валюталардын баасы кандай өзгөргөнүнө баам салып турат.
Sputnik

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Евро менен доллар кымбаттады. Күйүүчү майдын баасы мурдагы бойдон турат.

Дүйшөмбү күнү доллар баасын бир топ түшүргөн. Бирок шейшемби күнү эртең менен сатып алуу 17 тыйынга (84,50 сом), сатуу 10 тыйынга (84,80 сом) өсүп кетти. Ал эми евроны сатып алуу 41 тыйынга (99,60 сом), сатуу 14 тыйынга (100,60 сом) жогорулады. Рубль менен тенге курсун билинер-билинбес өзгөрттү.

Күйүүчү майдын баасы мурдагыдай эле:

"Роснефть":

  • АИ-92 — 53,4 сом;
  • АИ-95 — 56,6 сом;
  • Дизель майы — 48,5 сом.

"Газпром нефть Азия":

  • АИ-92 — 52,9 сом;
  • АИ-95 — 55,9 сом;
  • Дизель майы — 48,2 сом.

Ал эми алтындын баасы бүгүн дем алыш күн болгондуктан көрсөтүлгөн жок.