Миңдеген жарандар катышты. Бишкектеги айт намаздын сүрөттөрү

Майрамды утурлай Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов өлкө жарандарын айт майрамы менен куттукташты.
Sputnik

БИШКЕК, 20-июл. – Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы бүгүн, 20-июлда, өткөн курман айт намазынын сүрөттөрүн жарыялады.

Айт намаз Бишкек шаарындагы имам Сарахсий атындагы башкы мечитте миңдеген шаар тургундарынын жана конокторунун катышуусунда, эпидемиологиялык абалдан улам аралыкты сактоо менен окулду.

"Майрамды утурлай Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов өлкө жарандарын айт майрамы менен куттукташты. Ал эми Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинини төрагасы Көчкөнбай ажы Садиллаев жана муфтий Замир кары Ракиев "Диний баалуулуктар, Курман айттын пазилеттери" деген темада баяндамасын жасап, куттуктоолорун айтышты", — деди муфтияттан.

Ушундай эле айт намазы өлкөнүн бардык мечиттеринде санитардык эрежелерди сактоо менен өткөрүлдү.