БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. АКШда жапайы алтын балык болуп көрбөгөндөй чоңойгон. Бул тууралуу НТВ маалымат булагы жазды.
Миннесота штатындагы Бернсвилл шаарынын бийлиги алтын балыктарды жана декоративдүү карптарды дарыяга, көлгө коё бербөөнү өтүнүп, жергиликтүү тургундарга кайрылган. Аквариумда жашаган балыктар чоңоюп, тездик менен көбөйүп, экологиялык баланска жана суу жандыктарына коркунуч жаратууда.
"Айрымдар кооз балыктар жергиликтүү көлгө кошулса эч кандай зыяны жок деп ойлошот. Чындыгында андай эмес. Алар биз ойлогон көлөмдөн да чоңоюп, суудагы өсүмдүктөрдү тамырынан үзүп, суунун сапатынын бузулушуна таасир этет", — деп айтылат штаттын табигый ресурстар департаментинин билдирүүсүндө.
Буга чейин мындай эскертүүнү Вашингтон жана Виржиния штаттары беришкен. Тыюу салуу Австралия жана Канадада да бар.