Кыргыздардын Памирде жашашы Афганистанга пайда. Кандаштарды эмне үчүн көчүрбөө керек

АКШнын Афганистандан акыркы аскерлерин алып чыгып кетип жатканынан пайдаланып, талибдер өлкөнүн көпчүлүк аймагында бийлигин орнотууда. Мындай кысымдан качкан жай тургундар чет мамлекеттерден баш паанек издеп жатат.
Sputnik

Тогуз күн мурда Улуу жана Кичи Памирде жашаган 345 кыргыз мал-жаны менен афган-тажик чек арасынан өтүп, Тажикстандын Мургаб районундагы Кызыл-Работ айылында убактылуу баш калка табышкан. Эң өкүнүчтүүсү — чек арадан өтүп жаткан учурда эки ымыркай чарчап калган. Кыргыз өкмөтү аларды кабыл алууга камданып жатканын билдирген болчу. Муну менен бирге Вахан коридорунда калган кандаштарыбызды Кыргызстанга көчүрүп келүү жөнүндө демилге көтөрүлүүдө.

Кечээ Тажикстандын УКМКсы памирлик кыргыздардын жеке коопсуздугуна расмий Кабул тарабынан кепилдик берилип, кыргыздар артка кайтарылды деди. 1990-жылдардан бери афгандык боордошторубузду Ата Мекенге көчүрүп келүү жөнүндө маселе көтөрүлүп келе жатат. Демилге боюнча колумнист Алмаз Батилов ой жүгүртүп, адистер менен маектешкен. Төмөндө Кыргыз ССРи памирлик боордошторго кандай жардам көрсөткөнү, эмне үчүн аларды Улуу жана Кичи Памирден көчүрбөө керектиги айтылат.

Улуу жана Кичи Памирге жөнөтүлгөн гуманитардык жардам

Кыргыздардын Памирде жашашы Афганистанга пайда. Кандаштарды эмне үчүн көчүрбөө керек

— Мен билгенден 1980-жылдан баштап СССР ураганга чейин Ош облусунун Аткаруу комитети Улуу жана Кичи Памирде жашаган кыргыздарга гуманитардык жардам жөнөтчү. Жыл сайын бул максатка ири каражат сарпталчу. 1990-жылы памирлик кыргыздарга 14 жүк ташуучу автоунаа менен азык-түлүк жана кийим-кече алып барганбыз. Ошол маалда мен Ош чөлкөмүндөгү Кыргыз ССРинин МККнын башкармалыгынын жетекчиси элем. Мени менен чогуу телевидениеден Замир деген жигит жана дарыгер келин барган. Тилекке каршы, экөөнүн тең толук аты-жөнү эсимде калбаптыр.

Даярдыкты чыңдап. Союздаштардын аскерлери Афганистан чек арасына жакын машыгат
Афган Памиринин катаал климатында жашаган боордошторубуздун жашоосу абдан оор эле. Тоо боорунда эч нерсе өспөйт. Ал жерде төрт түлүк малдын ичинен жылкы менен төө төлдөбөйт. Топоз жана койлор гана төлдөйт. Жалаң мал чарбачылык менен жашайт. Дал ушул себептен улам көпчүлүк учурда сүт, сүзмө, айран жана курут менен тамактанышат. Товарга мал же сүт азыктарын алмаштырчу. Бир аксакалдан көз айнекке канча козу бердиңиз деп тамашалап сурадым. Курутка алмаштырдым деди эле. Дээрлик көпчүлүгү сабатсыз болчу. Айрымдары гана араб тамгасы менен жазганды билчү. Кичи Памир Афганистан, Кытай жана Пакистандын ортосундагы аймак. Ошон үчүн чөлкөм ири державалардын көңүл чордонунда. Памирлик кыргыздар Афганистандын СССР, Кытай жана Пакистан менен чектешкен чек арасын кайтарышчу.

Кандаштардын жашоосунда зээнди кейиткен эки өзгөчө көрүнүш болду. Биринчиси, жакын туугандарына үйлөнүп, турмуш курганы. Ошондуктан көбүнүн тукуму бузулганы байкалган. Кээ бирлери үйлөнбөй да калышат экен. Экинчиден, кыргыздардын арасында апийим чегүү жайылган. Биз боордошторубузга балдарын Кыргызстанга окутууга жиберүү сунушун айтканда, алар макул болушкан эмес. Байлары малай жумшаганы жүрөктү ооруткан. Бизге бул көрүнүш абдан өөн көрүнгөн. Жогоруда айтылган дарыгер колунан келишинче памирлик кыргыздардын айрымдарынын ден соолугун текшерип, дарыларды берген эле.

Афганистандын ажосу Бурханиддин Раббанинин нааразылыгы

Кыргыздардын Памирде жашашы Афганистанга пайда. Кандаштарды эмне үчүн көчүрбөө керек

2019-жылы март айында Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгына арналган мааракеге карата берген маегинде белгилүү дипломат маркум Эрик Асаналиев Улуу жана Кичи Памирде жашаган кыргыздар тууралуу пикирин айткан.

— 1992-1997-жылдары коңшу Тажикстанда жарандык согуш башталып, боордошторубуздун бир бөлүгү аргасыздан Кыргызстанга көчкөн. Муну менен кыргыздарды Афганистандын Улуу жана Кичи Памиринен көчүрүп келүү жөнүндө идея пайда болду. Кыргыздар канча кылымдан бери Вахан коридорунда жашап келе жатканын эске алуу керек. Бирок маал-маалы менен бул идеяны Жогорку Кеңештин депутаты же өкмөт мүчөлөрүнүн бири көтөрүп чыгып, аны колдой башташат. Мисалы, 1999-жылы мен Душанбеде элчи болуп турганда Афганистан Ислам Республикасынын ыраматылык президенти Бурханиддин Раббани менен жолуккам. Ошондо ал киши: "афган бийлиги Улуу жана Кичи Памирди байырлаган кыргыздарга эч кысым көрсөтпөсө деле эмне үчүн далилиңер жок туруп кыргыздарды көчүрүп кетебиз деп Бириккен Улуттар Уюмуна жана афган өкмөтүнө кайрылып жатасыңар?" деген. Кыргыздар жашаган райондордо согуштук аракеттер жүргүзүлбөгөнүнө басым жасап, Раббани мага расмий түрдө нааразылыгын билдирген.

ЖМК: АКШ Афганистандан 12,5 миң жаранды алып кеткени жатат
Андан кийин кээ бирлер тик учак менен памирлик боордошторубузду Кыргызстанга көчүрүп келип, ар бир үй-бүлөгө беш кой жана бир уй сатып берсек, оокатын кылып кетишет деп айтып чыгышты. Сунушту Жогорку Кеңештин депутаттары менен өкмөт мүчөлөрүнүн көпчүлүгү колдогон. Бул куру демилге коомчулукка чыгарылган эмес. Ошол маалда мен Германиянын Тажикстандагы элчиси менен Улуу жана Кичи Памирде жашаган кыргыздарга жардам берүү жөнүндө сүйлөшкөм. Немец элчиси Душанбедеги ФРГнин техникалык кызматташуу фондуна таянып, афгандык кандаштарыбызга колдоо көрсөтүүгө макулдугун берген. Алар финндердин жыгачтан куралган үйлөрүн, ФАП жана орто мектепти бекер салып бергенге даяр болчу. Күзүндө боордошторубуз жайлоодон кыштоого көчүп келип суукта боз үйдө жашабастан, көмүр жагып ушул үйлөрдө жылуу-жумшак кыштамак. Бирок Германиянын бул сунушун расмий Бишкек колдобой койду. Афгандык боордошторубузду көчүрүп келүү үчүн кыргыз өкмөтү БУУ жана расмий Кабул менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө тийиш эле. Мындан сырткары, бул көйгөй боюнча 50дөн ашык маселени чечүү керек болчу. Эгерде Кыргызстан Афганистандан кандаштарыбызды көчүрүп келүүгө далалат кылса, анда ири суммадагы каражат сарпталат. Бирок анча акча жок.

Белгилей кетчү жагдай, булар Улуу жана Кичи Памирдин климатына көнгөн, мал чарбачылык менен жашайт. Кыргызстандын аба ырайы менен күнүмдүк шартына көнөбү деген чоң суроо бар. 2017-жылы Нарын облусуна памирлик боордошторубуздун он чакты үй-бүлөсүн көчүрүп келип, аларды окутуп жатабыз. Бирок булар Теңир-Тоонун шартына көнө албай жатышат. Андан көрө Кыргызстан жайында вахта режими менен он беш күнгө Улуу жана Кичи Памирге дарыгерлерди, мугалимдерди жана социалдык кызматкерлерди жиберсе, алгылыктуу иш болмок. Алар кандаштарыбыздын ден соолугун текшерип, сабатын жоюп жана афгандык паспортко документтерин даярдап бермек. Ошол эле учурда биринчи кезектеги керектелүүчү товар: ун, көмүр жана отун алып барып берсе, булардын биринчи муктаждыгы чечилмек. Жергиликтүүлөр да мурдагыдай Афганистандын төмөнкү өрөөндөрүнө түшүп, азык-түлүк жана товар алуу үчүн малын текейден арзанга сатпай калат эле. Афгандык кыргыздардын ичинен мугалим менен дарыгерлерди даярдасак, памирлик боордошторубуздун кат-сабаты жоюлмак, ден соолугу такай көзөмөлдө болот эле.

Расмий Бишкек чет өлкөдө жашаган кыргыздарга кандай колдоо көрсөтүшү керектиги чагылдырылган бирдиктүү стратегиясын иштеп чыгууга убакыт келди. Эң башкысы — бир кылымдан ашык убакыттан бери ири державалар Вахан коридору үчүн айыгышкан тымызын күрөш жүргүзүп жаткан учуру. Анткени бул аймак Тажикстан, Кыргызстан, Индия, Кытай жана Пакистандын ортосундагы тогуз жолдун тоому. Ал эми биз дүйнөлүк геосаясатта стратегиялуу мааниге ээ аймакты таштап кетүүгө даяр болуп жатабыз. Ата-бабаларыбыздын жерин таштаганга болбойт. Кыргызстан жогорудагыдай иш-аракети менен Улуу жана Кичи Памирде коопсуздукту камсыздап, дүйнөлүк геосаясатта мамлекеттик кызыкчылыкты сактамак.

Вахан коридорунун кароолчулары

Кыргыздардын Памирде жашашы Афганистанга пайда. Кандаштарды эмне үчүн көчүрбөө керек

— Орто кылымдагы тарыхый документтерде Улуу жана Кичи Памирде кыргыздар жашаганы тууралуу жазылган маалыматтар бар. 19-кылымдын аягынан бери кандаштарыбыз бул өлкөнүн түндүк чек арасын кайтарып келүүдө. Дал ушул себептен улам Афганистанды чейрек кылымдан ашык башкарган Мухаммед Захир-шах Памирдеги кыргыздардын башчысы Рахманкул ханды мамлекеттин түндүк чек арасынын кароолчусу деп атаган. Жогоруда айтылган боордошубуз Лойя Жиргада (Афганистандын аксакалдар кеңеши, өлкөнүн башына оор күн гана түшкөндө чакырылат) мүчө болгон. Алар бийик тоодо жалаң мал чарбачылыгы менен жашап көнүп калган. 2017-жылы айрымдары Нарынга көчүрүлүп келди эле, жердин шартына чыдабай коюшту. Боордошторубуз кайра Алай чөлкөмүнө көчүштү.

Талибдердин ийгилигин Азиядагы чектеш мамлекеттер кандай кабылдоодо?
Афгандык кандаштарыбызды көчүрүп келиш үчүн расмий Кабулдан уруксат алуу керек. Себеби алар Афганистандын жарандары. Азыркы учурда афган өкмөтү талибдерге каршы согушуп жатат, бул маселеге көңүл бурганга чамасы жетпейт. Афганистандан кыргыздарды көчүрүп келгенде өкмөт аларга шарт түзүп бере албайт. Анткени Кыргызстанда айдоо жери, жайыт тартыш. Андан көрө расмий Бишкек Афганистанда кайсы бийлик келсе, ошолор менен кандаштарыбызга көмөк көрсөтүү жөнүндө келишим түзүшү керек. Адегенде бул келишимдин негизинде жайында кыргызстандык мугалимдер Улуу жана Кичи Памирге барып, кандаштарыбыздын сабатын жойсо, чоң жетишкендик болмок. Ошол эле убакта боордошторубуз жашаган аймакта ФАП жана коомдук-маданий мекемелерди ачуу зарыл. Кыргызстандык дарыгерлер менен социалдык кызматкерлер ушул мекемелерди кандай иштетүү керектигин боордошторубузга үйрөтсө, алар андан ары улантып кетмек. Кыргызстан деле ал жакка адистерин узак убакытка жибере албайт. Себеби жергиликтүү климатка чыдабайт.

Орто билим алган боордошторубуздун арасынан зээндүүлөрүн тандап, Кыргызстандын орто жана жогорку окуу жайларында окутуш керек. Булар бир кесиптин ээси болуп кайра Памирге кайтып, кандаштарыбыздын жашоосун оңдомок. Ушундай кадамдар менен Кыргызстан "Чоң оюнда" таасирин күчөтө алмак. Вахан коридорунда жашаган боордошторубуз эч жакка көчпөй, ал жерде такай турганы Афганистан үчүн абдан маанилүү маселе. Бул аймакта кандаштарыбыз жашаганы Кыргызстандын гана эмес, бүт кошуна мамлекеттердин коопсуздугун сактайт.