Тажикстан талибдерден качкан Памир кыргыздарын Афганистанга кайтарды

Тажикстандын УКМКсы этникалык кыргыздардын жеке коопсуздугу Афганистандын өкмөтү тарабынан кепилденгенден кийин артка кайтарылганын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Тажикстандын аймагына өткөн Кичи Памирдеги 345 этникалык кыргыз Афганистандагы туруктуу жашаган жерине кайтарылды. Бул тууралуу тажик ЖМКлары өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча комитетине шилтеме берип жазды.
Маалыматка ылайык, Афганистандын өкмөтү этникалык кыргыздардын жеке коопсуздугуна кепилдик бергенден кийин 17-18-июль күндөрү артка кайтарылган. Алар Вахон уездинин Андемин аймагына төрт миң малы жана автоунаалары менен кайтышкан.
"БУУнун "Качкындардын статусу жөнүндө" конвенциясына ылайык, Мургаб районунун Чоштепп жана Дуйтук участогуна келген ооган качкындары Тажикстандын тиешелүү органдары тарабынан убактылуу жашай турган жер, тамак-аш, кийим-кече жана медициналык кызмат менен камсыз болушкан", — деп билдирген коңшу өлкөнүн УКМКсы.
Буга чейин Афганистанда жашаган 345 этникалык кыргыз талибдерден качып Тажикстандын аймагына киргени маалым болгон.
ТИМ Афганистандагы кырдаалдын курчушунан улам Тажикстанга өткөн Улуу жана Кичи Памир кыргыздарын Кыргызстанга алып келүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканын айткан.