Радио

Кулмендеев: кыргыз тасмаларында тереңдик бар

Режиссёр Таалайбек Кулмендеев "Мунабия" тасмасы Лондондо өткөн Eurasian Creative Guild Film Festival-2021 фестивалына катышып, баш байге жана "Мыкты көркөм тасма" номинациясын жеңип алганын айтты.
Sputnik
Эки адамдын сүйүүсү, мамилеси же башка окуя мурда башка режиссер көрсөтө албагандай ракурста тартууланып, көрүүчүлөрдүн көкүрөгүнө тие алган болсо, анда кино өзүнүн миссиясын аткарган болот. Бул тууралуу Таалайбек Кулмендеев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, төрт жыл мурун тартылган "Мунабия" картинасы режиссердун оюндагыдай чыккан эмес.
"Негизи фестивалга жөнөтүлгөн тасмалар бир конкурста мыкты аталса, башкасында жеңбей калат. Айрымдары баалайт, башкалары баалабайт дегендей эле. Андыктан менин чыгармам эмне себептен мыкты аталганын айта албайм. Жалпы кыргыз фильмдери тууралуу айта турган болсом, биздин тасмаларда тереңдик бар. Кыргыз ленталары чет элдиктерди ошонусу менен кызыктырат. Билинбегени менен картиналарда патриоттуулук, улуттук баалуулуктар, каада-салт чагылдырылат. Ал эми "Мунабия" мен ойлогон концепцияда тартылган эмес. Азыр болсо башкача тартмакмын", — деди Кулмендеев.
Режиссер "Мунабия" тасмасы эки адамдын сүйүүсүнөн тышкары муундар ортосундагы мамилени чагылдырганын кошумчалады.