Коронавирустан 11 адам каза тапты. 19-июлдагы статистика

Учурда өлкөдөгү ооруканаларда беш миңге чукул киши дарыланууда. Алардын 1430у оор, ал эми 195и өтө оор абалда жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19дан 1 289 адам сакайып, 1 287 киши оору жуктуруп алды. Тилекке каршы, 11 адам кайтыш болду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Айыккандар, пневмонияны эске алганда:
Жалпы 126 450 бейтап сакайган.
Жуктургандар:
Пандемиядан бери расмий түрдө 150 316 адамдан оору чыкты. Акыркы бир сутка ичинде 11 киши каза болду. Алардын алтоо Бишкекте, экөө Ысык-Көлдө жана Ош шаарында, Чүй, Талас облустарында бирден бейтап дарыланып жаткан. Коронавирус ушуну менен 2 186 кишинин өмүрүн алды.
Учурда стационарда 4 704 бейтап дарыланууда. Алардын 46сы канааттандырарлык, 3 033ү орто, 1 430у оор, ал эми 195и өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда болсо 15 753 бейтап жатат.