Германиядагы суу каптоо. Садыр Жапаров каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты

Өлкө башчы жаратылыш кырсыгында адам жоготуу болгондугуна байланыштуу аза-кайгыны тең бөлүшөрүн айтып, жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Германиянын федералдык канцлери Ангела Меркелге жана өлкө башчысы Франк-Вальтер Штайнмайерге суу каптоонун кесепеттеринен каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, Германияда 12-июлдан тарта нөшөрлөп жамгыр жаап, анын кесепетинен суу ташкындап, дарыялар нугунан чыгып, адам өлүмүнө алып келүүдө. Акыркы маалыматтар боюнча, көз жумгандардын саны 150дөн ашты.
"Кыргызстандын элинин жана өзүмдүн атымдан Түндүк Рейн-Вестфалия жана Рейнланд-Пфальц федералдык аймактарында суу каптап, анын айынан көптөгөн адамдар каза болгондугуна байланыштуу тереӊ кайгыруу менен көңүл айтам. Бул кырсыкта көз жумгандардын үй-бүлөлөрүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөм", — деп айтылат телеграммада.
Ошондой эле президент жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалаган.