Бишкектин көчөлөрү менен тротуарлары жаңыланат. Сүрөт

Толубай-Ата көчөсүнүн Орозбековдон Ибраимовго чейинки бөлүгү "Бишкектин көчө-жол тармактарын өнүктүрүү" долбоорунун алкагында реконструкцияланат.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов шаардагы тротуарларды жана оңдолгону жаткан Толубай-Ата көчөсүн карап чыкты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов шаардагы тротуарларды жана оңдолгону жаткан Толубай-Ата көчөсүн карап чыкты
Толубай-Ата көчөсүнүн Орозбековдон Ибраимовго чейинки бөлүгү "Бишкектин көчө-жол тармактарын өнүктүрүү" долбоорунун алкагында Кытай грантынын эсебинен реконструкцияланат.
Бишкекте оңдолуп бүткөн эки көчө ачылды. Сүрөт
Оңдоло турган жолдун узундугу 1 280 метр, ал эми туурасы 15,6 метрге барабар. Тротуарлар курулуп, ирригациялык системалары орнотулат.
Жолду оңдоо учурунда тоскоолдук жараткан айрым объектилер бузулат.
Мэрдин милдетин аткаруучу Бөкөнбаев көчөсүндөгү тротуарлардын абалын карап чыгып, айрым кемчиликтерин тез арада бүткөрүүнү "Бишкек асфальт сервис" муниципалдык мекемесине тапшырды. Иш арасында шаар тургундары менен жолугушуп, алардын сын-пикирлерин, сунуштарын угуп, көзөмөлгө аларын айтты.