Бишкекте түндө жеңил унаалар кагышып, төрт киши жабыркады. Сүрөт

Каргаша Путепроводная жана Валиханов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Куткаруучулар жабыркагандарды Тез жардам кызматына салып берген.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Бишкекте бүгүн түнү Volkswagen Golf жана Honda Fit автоунаалары сүзүшүп, төрт киши жабыркаганын ӨКМ билдирди.
1 / 2
Куткаруучуларга билдирүү түнкү саат 00:30да түшкөн. Окуя Путепроводная жана Валиханов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
2 / 2
Анын кесепетинен 38, 27, 26 жана 25 жаштагы эркек кишилер жабыркаган. Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынан төрт куткаруучу тартылып, жабыркагандарды Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Куткаруучуларга билдирүү түнкү саат 00:30да түшкөн. Окуя Путепроводная жана Валиханов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анын кесепетинен 38, 27, 26 жана 25 жаштагы эркек кишилер жабыркаган. Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынан төрт куткаруучу тартылып, жабыркагандарды Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.