Ысык-Көлдүн милициясы Бостеридеги мушташтын чоо-жайын айтты

Буга чейин Көлдүн аймагындагы барлардын биринде 19 жаштагы бишкектик улан менен 43 жаштагы жергиликтүү тургундун бычакташканы кабарланган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигине Бостери айылындагы мушташтын чоо-жайы тууралуу айтып берди.
Мурдараак кечээ, 17-июлда, "Золотые пески" пансионатындагы бардын биринде 19 жаштагы бишкектик улан менен 43 жаштагы жергиликтүү тургундун ортосунда пикир келишпестик жаралып, кийин бири-бирине бычак урганы кабарланган.
Маалымат кызматынын билдиришинче, өз ара чыр чыканда жергиликтүү тургун бишкектик жигитти бетке урган. Андан соң кичине бычагын алып чыгып шилтегенде анча оор эмес жаракат алган. Жаңжалдын күнөөкөрлөрү мурунтан тааныш экенин, мас болгондуктан мушташа кетишкенин, учурда кайра элдешип, арыз жазуудан баш тартышканын айтышты.