Олимпиада: кыргыз балбандарынан биринчи болуп Жоламан күрөшөт

Жадыбал боюнча спорттук күрөштөр 1-августта башталып, 7-августка чейин созулат. 1-3-августта грек-рим жана кыздар күрөшү болсо, 4-августта эркин күрөш башталат.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Токио Олимпиадасында кыргызстандык балбандардан алгачкы болуп грек-рим күрөшүнүн балбаны Жоламан Шаршенбеков кармашка чыгат. Оюндардын программасы уюштуруу комитетинин расмий сайтына чыккан.
Ага ылайык, 1-августта 60 килограмм салмактагы балбандар арасында 2020-жылдагы Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү Шаршенбеков килемге чыгат.
Кандай экен? Токиого бара турган команданын спорттук формасынын сүрөттөрү жарыяланды
Ал эми кыздар күрөшүнөн эң оор, 76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы ат салышат. Айтылуу балбан кыз Айсулуу Тыныбекованын 3-августта килемге чыгары былтыр эле белгилүү болгон.
Жадыбал боюнча спорттук күрөштөр 1-августта башталып, 7-августка чейин созулат. 1-3-августта грек-рим жана кыздар күрөшү болсо, 4-августта эркин күрөш башталат.
Кыргызстандан Токио Олимпиадасына жалпысынан 16 спортчу барса, анын тогузу күрөш чеберлери. Төртөө грек-рим, экөө эркин жана үчөө кыз-келиндер күрөшүнүн балбандары экени маалым.