БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин июнь айында өткөн Женевадагы саммитте Американын лидери Жозеф Байденге афган багытындагы кадамдар менен иш-чараларды макулдашып алып барууну сунуштагандыгын "Коммерсант" басылмасы маалымат булактарына таянуу менен жазды.
Кабарга таянсак, РФ лидери Кыргызстандагы жана Тажикстандагы Россиянын аскер базаларын Афганистандагы кырдаалды көзөмөлдөө үчүн пайдалануу демилгесин көтөрүп, сунуш киргизген.
Анда маалымат алмашуу, анын ичинде дронду (эки аскер базасындагы чакан жана орто радиустагы учкучсуз авиация отрядын) колдонуу менен алынган маалыматты алмашуу жөнүндө кеп болушу мүмкүн. Басылма маектешкендердин бири Вашингтон бул боюнча азырынча так жообун бере электигин айткан.
Кремль аталган сунуш тууралуу таралган маалыматка комментарий берген жок. Ал эми АКШнын Афганистан боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзад да "Коммерсантка" комментарий берүүдөн баш тарткан.
Учурда Афганистанда өкмөттүк күчтөр менен "Талибан" кыймылынын согушкерлери согушууда. Талибдер көптөгөн айылдарды басып алып, ири шаарларга чабуул коё баштады. Саясий туруксуз абал АКШнын администрациясы 31-августка чейин афган жеринен өздөрүнүн аскерлерин чыгарып кетүү убадасынан кийин курчуп жатат.
Өткөн жылдын сентябрынан бери Катарда сүйлөшүүлөр жүргөнүнө карабай, ушул кезге чейин афган өкмөттүк күчтөрү менен "Талибан" кыймылы согушту токтотуу боюнча мунасага келе албай жатат.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва Афганистандагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн Вашингтон жана Пекин менен кызматташууга белсенип жатканын билдирген.