Өзбекстанда COVID-19га каршы милдеттүү түрдө эмделет. Кимдерге тиешелүү

Коңшу өлкөдө Кытайдын Anhui Zhifei Longcom Biopharmaceutica жана Россиянын "Спутник V" препараты менен эмдөө жүрүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Өзбекстандын бийлиги кызмат көрсөтүү, билим берүү тармагында жана күч түзүмдөрүндө иштеген бардык жарандарга коронавируска каршы милдеттүү түрдө вакцина саюуну киргизди. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Алматыда вакцинага каршы үгүттөгөндөргө кызыл зонага экскурсия уюштурулду
Бул категориядагы адамдар вакцинанын биринчи дозасын 1-сентябрга чейин, экинчисин 1-октябрга чейин, үчүнчүсүн 1-ноябрга чейин алышы керектиги белгиленген.
Өзбекстанда биринчи апрелден бери Кытайдын Anhui Zhifei Longcom Biopharmaceutica жана Россиянын "Спутник V" препараты менен эмдөө жүрүп жатат. Учурда 5,5 миллион жараны вакцина алып бүттү.