Бир суткада 1 373 кишиден коронавирус табылды. 1000ден ашык бейтаптын абалы оор

Азыркы тапта өлкөдө беш миңге чукул бейтап ооруканада, 15 753 адам амбулатордук шартта коронавирустан дарыланып жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Өткөн суткада 1 373 кишиден COVID чыгып, ал эми 1 103 бейтап сакайды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын жалпы саны 149 029га жетти. Анын ичинен 125 161 киши илдетти жеңген.
Айыккандар:
Азыркы тапта 4 725 киши стационарда дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 1 437 бейтаптын абалы оор болсо, 200 кишинин абалы өтө оор деп бааланды. 15 753 бейтап амбулатордук шартта дарыланууда. Кечээтен бери 43 медиктен коронавирус табылган.