Коронавирус жуктургандарды кабыл алган ооруканалар. Бош орундардын саны

Ордо калаада жана Чүйдүн шаарга жакын жерлеринде COVID-19 жуктургандарды дарылоо үчүн жалпысынан 19 оорукана даярдалган. Акыркы маалыматтар боюнча, анын үчөөндө бош орун жок.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Бишкек менен Чүйдүн чет жакаларында коронавирус жуктургандарды жаткыруу үчүн 16 ооруканада 372 орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Жалпысынан 19 оорукана даярдалган. 17-июль саат 8:00гө карата, 16сында бош орун бар. Ал эми медициналык үч жайда орун калбай калган.
Бош оруну бар ооруканалардын тизмеси:
Өткөн суткада Кыргызстанда 1 373 кишиден коронавирус табылып, 10 бейтап көз жумду.