Кыргызстанда коронавируска каршы эмделген кишилердин саны 222 миңден ашты

COVID-19га каршы эмделгендердин басымдуу бөлүгү, тагыраагы, 8 767си Ош облусунда.  Мындан сырткары, Ысык-Көл менен Жалал-Абадда да вакцина сайдыргандар көп.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алгандардын саны 221 817ге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Бир сутка ичинде өлкөдө 21 120 адам эмделген. Жалпысынан 18-июлга карата 221 817 кыргызстандык вакцина алса, анын ичинен 95 328и экинчи дозасы менен эмделген.
Облустар боюнча вакцина алгандардын саны:
Бир сутка ичинде Кыргызстанда 1 373 кишиден коронавирус табылып, 10 бейтап көз жумду.