Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

19-июлга караган түнү республиканын кээ бир аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Талас облусунда жана дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Дүйшөмбүдө Кыргызстан боюча күн 36 градуска чейин ысып, өлкөнүн көпчүлүк райондорунда маал-маалы менен жамгыр себелеп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Аптаптуу ысык кайра кайтабы? Бир жумага аба ырайы
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +30...+35, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31...+36, Талас жергесинде +27...+32, Ысык-Көлдө +20...+25, Нарын аймагында +21...+26 градус болору айтылды.
Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болсо, Чолпон-Атада мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Термометр Бишкекте +33...+35, Ош калаасында +32...+34, ал эми Чолпон-Ата шаарында +20…+22 градусту көрсөтөт.