COVID дагы 10 кишинин өмүрүн алып кетти. 18-июлга карата маалымат

Акыркы күндөрү абал курчуп, Кыргызстанда COVID-19дан көз жумган бейтаптардын саны ар күнү ондон кемибей жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Кыргызстанда соңку суткада коронавирустан 10 бейтап каза болду. Бул туурасында Республикалык штабдан кабарлашты.
Аймактарга бөлүп карай келгенде көз жумгандардын басымдуу бөлүгү Чүй облусунан болгон.
Каза болгондордун жаңы учуру:
Мурдагы күнү коронавирус 11 кыргызстандыктын өмүрүн алган. Өлүм учурунун алтоо Бишкекте катталса, калганы башка облустардан эле. Акыркы күндөрү COVID-19дан көз жумгандардын саны 10дон кемибей жатат.