Аптаптуу ысык кайра кайтабы? Бир жумага аба ырайы

Синоптиктердин божомолунда, көпчүлүк учурда тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы өткөн аптага салыштырмалуу бир нече градуска төмөндөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, көпчүлүк учурда тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы өткөн аптага салыштырмалуу бир нече градуска төмөндөйт.

Бишкек шаары

18-24-июль күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 21-июлда күндүз 14 метрге жетет.

Талас облусу

Апта ичи жаан-чачын болбойт. Болгону күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 21-июлда күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Чүй облусу

Чүй облусунда Таластагыдай эле негизинен күн ачык болот. Айрым учурларда гана тоо этектеринде өткүн өтөт.

Ош облусу

18-июлда түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. 19-июлда көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Баткен, Жалал-Абад облустары

18-19-20-июлда көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлүүдө. Башка күндөрү өрөөндөрдө күн ачык болот.

Ысык-Көл, Нарын облустары

Бул аптада Ысык-Көл менен Нарында аба ырайы бирдей болору күтүлүүдө. Өрөөндөргө 18-июлда күндүз жана 19-июлда гана өткүн өтпөсө, башка учурда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 18-19-июлда секундасына кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.