Адамдарды чамындыдай агызып. Австриядагы жүрөк үшүн алган селдин видеосу

Германиядан кийин эле Австриянын кээ бир аймактарынын башына кыйын күн түштү. Көчөлөр дарыяга айланып, бул өлкө суу ташкынынан азап тартып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Австриянын кээ бир аймактары, тагыраагы Зальцбург шаары менен Тирол аймагы суу ташкындарынын кесепетинин зыян тартууда. Бул туурасында RT кабарлады. 
RT кууш көчөгө толгон селдин адамдарды чамынды сымал агызып кетип жаткан видеону өзүнүн Telegram каналына салды. 
Андан капкара болуп түрүлүп келген суунун автоунааларды ширеңкенин кутусундай агызып, ал эми имараттын биринчи кабатынан адамдарды көз ачып жумганча алып кеткен кадрларды көрүүгө болот.
Анткен менен жаратылыш кырсыктарында иштеп жаткан кызматтар адам өлүмү катталбагандыгын билдирди. Кээ бир райондордо суу ташкыны боло турганы алдын ала эскертилди. Баарынан көп Зальцбург шаары менен Тирол аймагы көп зыян тартканы кабарланды. Бүгүн аталган жерлерде  жаан-чачындын дагы болорун айтышты.