Жекшембиге карата аба ырайы

18-июлда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Жекшембиде күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +29…+34, Талас өрөөнүндө +26…+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30…+35, Ысык-Көлдө +18…+23, Нарын аймагында +20…+25 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +32…+34, Ошто +33…+35, Чолпон-Ата шаарында +21…+23 градус ысыйт.