Манасты, манасчыларды коргоп, сактап калууда жасалып жаткан иштер аздык кылат. Мындай пикирин Талантаалы Бакчиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда манасчылардын саны 20дай гана болгондуктан материалдык маселесин мамлекет толук чечип бериши керек.
"Биз учурда Манасты да, манасчыларыбызды кадырлап, баалай албай жатабыз. Анын өз ордун таап, белгилеп бере албай келебиз. Башка эл мындай байлыгын жоготуп, бармагын тиштеп, баш чайкап отурат. Ал эми биз колубуздагы байлыгыбызды коргоп, бапестеп алышыбыз зарыл. Бүгүнкү цивилизациянын деңгээлинде Манасты сактай албай жатканыбыз өкүндүрөт. Манасты, манасчыларды коргоп, сактап калуу жаатында иш аткара элекпиз. Ооба, "Манас" улуттук академиясы түзүлдү, XIX- XX кылымдагы манасчылардын вариантында китептер басылып чыкты, "Манас" мыйзамы сыяктуу жакшы иштер болгону менен бул аздык кылат. Себеби убакыт күткөн жери жок. Анын талаптары менен тең жүрө албай, артында калдык. Бир кадам бассак, эки кадам артта калуудабыз", — деди Бакчиев.
Ошондой эле филолог манасчылык өнөр жалгыз гана кыргызга таандык болгондуктан аны бийик тутуу керектигин кошумчалады.