Сый акыны алып кеткиле! Кыргызпатент авторлор менен аткаруучуларга кайрылды

Учурда атайын автоматташтырылган программа аркылуу 775 автор, аткаруучу жана укук ээлерине жети миллион сомдон ашуун сый акы которулган. Кыргызпатент айрымдары менен байланыша албай жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Кыргызпатент чыгармалары телерадиокомпаниялардын эфиринде кетип, бирок сый акысын албай калган авторлор жана аткаруучуларды аталган мекеме менен  байланышып коюуну өтүндү.
Аралыктан иштөө Эмгек кодексине кирсе эмне өзгөрөт? Түшүндүрмө
Чыгармачыл адамдар менен байланышууга мүмкүн болбой жаткандыктан сый акылар бөлүштүрүлбөй тургандыгын айтып, бул тизмеден өзүн тапкандарды Кыргызпатентке кайрылууну суранышты.
Автордук сый акыны алуу үчүн талап кылынган документтер: