Бишкекте кыргыз-тажик чек арасы боюнча дагы бир протоколго кол коюлду

Иш-чара достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөн. Кезектеги жолугушууну Тажикстанда өткөрүү макулдашылды.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Бишкекте кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушуу 12-17-июль күндөрү өтүп, жыйынтыгы боюнча тийиштүү протоколго кол коюлган.
Тараптар кезектеги жолугушууну Тажикстандын аймагында өткөрүүнү макулдашты.
Иш-чара достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөнү белгиленди.