ДССУ COVID биринчи катталган Кытайдагы лабораторияларды текшерүүгө белсенүүдө

ДССУнун директору вирустун пайда болушун аныктоо саясат аралашпаган илимий иш болушу керектигин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 2019-жылы декабрда COVID-19 биринчи катталган райондогу изилдөө мекемелерине жана лабораторияларга аудит жүргүзүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу ДССУнун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус коронавирустун пайда болушу тууралуу маалыматтык сессия учурунда уюмга мүчө мамлекеттердин алдында билдиргенин РИА Новости жазды.
Гебрейесус уюмга мүчө мамлекеттер буга чейин COVID-19дун кайдан чыкканын иликтөө үчүн жасала турчу беш кадам тууралуу кат алышканын эскерткен.
ДССУнун директору Кытайдын "вирустун пайда болушун аныктоо саясат аралашпаган илимий иш" деген пикири менен макул экенин билдирген.