Ооруканада 4 763 адам жатса, анын 200үнүн абалы өтө оор. COVID статистикасы

Ушул тапта стационарда 4 763 адам коронавирустан дарыланып жатат. Кечээтен бери 38 медиктин коронавирус жуктуруп алганы аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июл. – Sputnik. Бир сутка ичинде 1 364 адамдан коронавирус аныкталып, 1 135 киши айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Жуктургандар:
Кыргызстанда жалпысынан коронавирус 147 656 кишиден табылып, 124 058 адам илдетти жеңди.
Айыккандар:
Кечээтен бери коронавирус 11 адамдын өмүрүн алган. Өлүм учурунун алтоо Бишкекте катталса, Баткенде үч киши көз жумду. Калган эки бейтап Нарын менен Жалал-Абаддын тургундары болгон. Буларды кошкондо пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 2 165 киши коронавирустун курмандыгы болду.
Бүгүнкү күндө стационарда 4 763 адам коронавирустан дарыланып жатат. Анын ичинен 200 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды. Кечээтен бери 38 медиктин коронавирус жуктуруп алганы аныкталган.