Тротуар, жолдун жээги, арыктарды кошкондо Бишкек шаары боюнча күнүнө 7,7 миллион чарчы метр жер тазаланат. Мындай маалыматты Мурат Эсенов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.
Анын айтымында, күнүнө 750 короо шыпыргыч санитардык тазалоо иштерин жүргүзүшөт.
"Бүгүнкү күндө "Тазалык" муниципалдык ишканасында 1 500дөй киши иштейт. Шаарды тазалоо жана акыр-чикирди алып чыгуудан тышкары күндүн ысып жаткандыгына байланыштуу көчөлөрдү жууп тазалоо негизги иштердин бири болууда. "Тазалык" ишканасында 26 сугарып, жууй турчу машина бар. Ишкананын кызматкерлери график боюнча күн сайын таңкы саат 04:00дөн баштап 06:00гө чейин жолдорду жууйт. Ал эми техниканын жетишпестигинен ошол эле унаалар менен күндүз гүл бакчалар сугарылат. Биз үчүн негизги көйгөйлөрдүн бири атайын техниканын жетишсиздиги болуп турат. Мисалы, шаарды толук камсыз кылуу үчүн 130 машина болсо иш да жеңилдеп, бир топ маселелер ордуна коюлат эле", — деди Эсенов.
Ошондой эле жетекчи шаар четинде жайгашкан конуштарда да санитардык тазалоо жана жолдорду жууган иштер жүргүзүлүп жаткандыгын кошумчалады.
Толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүздөр: