Ысык-Көлдүн түбүнө ыргытылып кароосуз калган 35 торду алып чыгышты. Сүрөт

Ысык-Көлдү тазалоо иштери туристтик маал башталганда жана аяктап калганда жыл сайын жасалары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Ысык-Көл биосфералык аймагынын дирекциясы быйылкы жайдагы туристтик маалга даярданып, көлдүн бетин таштанды менен балык кармаган торлордон тазалап чыкты. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.
1 / 3
Ысык-Көл биосфералык аймагынын дирекциясы быйылкы жайдагы туристтик маалга даярданып, көлдүн бетин таштанды менен балык кармаган торлордон тазалап чыкты.
2 / 3
Бул ирет кытай өндүрүшүнөн чыккан, кароосуз жаткан ар кыл узундуктагы 35 торду көлдүн түбүнөн алып чыгышкан.
3 / 3
Дирекция кызматкерлери тазалоо иштерин "Таза Ысык-Көл" коомдук фондунун дайверлери менен биргеликте Тоң районундагы Ак-Терек аймагында жүргүзгөн.
Бул ирет кытай өндүрүшүнөн чыккан, кароосуз жаткан ар кыл узундуктагы 35 торду көлдүн түбүнөн алып чыгышкан. Дирекция кызматкерлери тазалоо иштерин "Таза Ысык-Көл" коомдук фондунун дайверлери менен биргеликте Тоң районундагы Ак-Терек аймагында жүргүзгөн.
Ысык-Көл биосфералык аймагынын дирекциясынан мындай иштерди көлдүн акваториясында туристтик маал башталганда жана аяктаганда жыл сайын жасап турушарын айтышты.