Радио

Ташматов: туристтик милиция электроскутерлер менен иш алып барууда

Бишкек милициясынын кайгуул кызматынын 5-ротасынын командири Борборбек Ташматов туристтик милиция суткасына 24 саат иш алып бара турганын белгиледи.
Sputnik
Туристтик милиция электроскутер менен иш алып барып жатат. Бул тууралуу Борборбек Ташматов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, туристтик милицияда кызматкерлер чет тилдеринде эркин сүйлөшөт.
"Кыргызстандын туристтик потенциалы жогору. Ошондуктан өлкөгө келген туристтер өзүн ыңгайлуу сезиши үчүн 2018-жылы туристтик милиция түзүлгөн. Бул кызмат үч жыл аралыгында жакшы көрсөткүчтөргө жетише алды. Учурда көлмө, сейил бактарда атчан жүрүшөт. Мындан тышкары, борбор калаада электроскутер менен иш алып бара башташты. Алардын артыкчылыгы экологияга зыянын тийгизбейт. Тротуар, сейил бактарга чейин кирип, жөө кайгуулга караганда натыйжалуу иш алып барууга мүмкүндүк берет. Кубаты алты саатта 60 чакырымды басып өтүүгө жетет. Бул шаардын ичинде жүрүш үчүн жетиштүү аралык. Учурда 20 электроскутер сатып алынган. Келечекте дагы алардын санын көбөйтүү аракеттери көрүлүүдө", — деди Ташматов.
Ал Ош шаарында жана Ысык-Көл облусундагы туристтик милиция да электроскутерлер менен иш алып барып жатканын кошумчалады.