Тажибаев: кудукта каза болгон жумушчулар боюнча иликтөө жүрүшү керек

Тажибаевдин билдиришинче, көп учурда мындай окуялар иликтенбей жана көз жумгандардын жакындарына тиешелүү каражат төлөнбөй калат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы кудукта каза болгон жарандардын фактысы боюнча өндүрүштө болгон кырсык катары тергөө жүргүзүлүшү керек. Бул тууралуу Тоо-металлургиялык профсоюзунун борбордук комитетинин төрагасы Элдар Тажибаев билдирди.
Түрүлүп келип, жолду каптап. Оштогу кооптуу селдин видеосу
Тажибаевдин билдиришинче, жарандар ишин аткарып жатып каза болгондуктан, окуяны Эмгек кодекси жана өкмөттүн Өндүрүштөгү кырсыктарды тергөө жана каттоо жөнүндө жобосуна ылайык, атайын комиссия иликтеши керек.
"Комиссия окуянын жагдайларын жана себептерин териштирип, жооптуу кызматкерлерди аныктайт. Жумуш берүүчү күнөөлүү деп табылса каза болгондордун үй-бүлөсүнө жыйырма жылдык киреше өлчөмүндө бир жолку жөлөк пул, ошондой эле ай сайын компенсация төлөнүп берилиши керек. Көп учурда мындай окуялар иликтенбей, көз жумган кишилердин жакындарына тиешелүү каражат төлөнбөй калат", — деп айтылат маалыматта.
Тажиев адам өлүмүнө алып келген ушул өңдүү кырсыктар 15 күндүн ичинде иликтенип, комиссияга бир нече өкүл кирерин кошумчалаган.