"Ростех" жаңы аскер учагынын сүрөтүн жарыялады

Авиация жаатындагы эксперттин айтымында, бул — бешинчи муундагы, согуштук тапшырмасы олуттуу болгон, авиациядагы алдыңкы делген каражаттар орнотулган техника.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. "Ростех" мамлекетик корпорациясы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына МАКС-2021 авиакосмостук салонуна коюла турган аскердик жаңы учактын сүрөтүн жарыялады. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Бул аба кемеси аталган салондогу жаңылык болмокчу. Сүрөттөн анын сыртынан капталган тейде турганын көрсөтүштү.
Авиакурулуш боюнча бириккен корпорация эч кандай маалымат бербей туруп, бирок жуманын башында аталган техниканы көрсөтөрүн жарыя кылды. Авиация жаатындагы эксперт Олег Пантелеевдин айтымында, бул — бешинчи муундагы, согуштук тапшырмасы олуттуу болгон, авиациялык жактан өнүккөн, алдыңкы каражаттары бар, жеңил, тактикалык учак.
НАТО үчүн "тыюу салынган зона". "Искандерлер" жаңы ракеталуу болушту
Адис анын учуп бара жаткандагы туруктуулугун камсыздаган V-тибиндеги конструкциянын элементи, канатынын контуру кеңири тарабаган колдонулушунан кабар берерин белгиледи.
Быйыл Эл аралык авиациялык-космостук салон өзүнүн 15 жылдыгын белгилейт. Кезектеги көргөзмө Москва облусундагы Жуковский шаарында өтөт. Бардык иштер коронавирустун таралышына каршы көрүлгөн чаралардын талабына ылайыкташтырылган. Анын жүрүшү Авиакурулуш боюнча бириккен корпорация менен "Ростехтин" YouTube каналдары аркылуу көрсөтүлөрү айтылды.