Маммүлк килограммын 27 сомго баалап ун сатууда. Кампалардын дареги

Мамлекеттик мүлк фонду республикада азык-түлүк бааларын турукташтыруу максатында унду арзан сатууда.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Материалдык резервдер фонду жогорку сорттогу унду килограммын 27 сомдон сатат. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Ал эми биринчи сорттогу ундун килограммы 25 сом болууда.
"Ундун арзан баада сатылышы республикада азык-түлүк баасын турукташтыруу максатында болуп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.
Ун сатылуучу ишкана-кампалардын даректери: