1 334 адамдан коронавирус табылып, 11 бейтап көз жумду. Соңку статистика

Бүгүнкү күндө стационарда 4 863 киши коронавирустан дарыланып жатат. Анын ичинен 216 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. – Sputnik. Бир сутка ичинде 1 334 адамдан коронавирус аныкталып, 1 163 киши айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Жуктургандар:
Кыргызстанда жалпысынан коронавирус 146 292 кишиден табылып, 122 923 адам илдетти жеңди.
Айыккандар:
Муфтий Ракиев жана дин аалымдары COVID-19га каршы вакцина алды. Сүрөт, видео
Бүгүнкү күндө стационарда 4 863 адам коронавирустан дарыланып жатат. Анын ичинен 216 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды. Кечээтен бери 33 медиктин коронавирус жуктуруп алганы аныкталган.