Дүйнөнү сел алгандай көрүнүш. Германиядагы үрөй учурган кырсыктын видеосу

Германияда дүйшөмбүдөн бери нөшөрлөп жамгыр жаап, анын кесепетинен суу ташкындап, дарыялар нугунан чыгып, адам өлүмүнө алып келүүдө.
Sputnik
Өлкөнүн батышындагы Арвайлер аймагын суу каптап, миңдеген адам табылбай жаткандыгын РИА Новости жазды.
Буга чейин 60ка чукул жаран селдин курмандыгын болгону кабарланган. Аталган аймактын администрациясынын сайтында жазылгандай, Бад-Нойенар-Арвайлер районунда эле бейшемби күнү 1000ден ашык куткаруу операциясы жүргүзүлгөн.
Белгилей кетсек, Германиянын батышында дүйшөмбүдөн бери нөшөрлөп жаан жаап, дарыялардын суусу нугунан ашып көчөлөрдү, үйлөрдү каптоодо.