Радио

Жаналиев: 100 футболчунун портрети стринг-арт стилинде тартылат

Кыргызстандык сүрөтчү Азамат Жаналиев hi legends долбоорунун алкагында легендарлуу 100 футболчунун портретин мык жана жиптин жардамы менен тартып жаткандыгын айтты.
Sputnik
2022-жылы Катарда өтө турчу футбол боюнча дүйнө чемпионатында стринг-арт стилинде тартылган атактуулардын сүрөттөрү Дохада атайын көргөзмөдө тартууланары пландалууда. Бул тууралуу Азамат Жаналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, долбоордун алкагында франциялык футболчу, машыктыруучу Зинедин Зидандын портретин тартууда кыргызстандык жарандар да салым кошо алат.
"Буга чейин мык жана жиптин жардамы менен саясатта жүргөн дүйнөлүк лидерлердин портретин тартып келгем. Алардын катарында Владимир Путин, Режеп Тайип Эрдоган, Халтмаагийн Баттулга жана Сауд Аравиясынын королу сыяктуу атактуулар бар эле. Футбол боюнча дүйнө чемпионатын абдан күтүп, көптөн бери көздөгөн оюмду ишке ашыруу максатында легендарлуу футболчуларды стринг-арт стилинде тартууну баштадык. Катардыктар менен байланышканыбызда алар hi legend долбоорун колдоп, 2022-жылы дүйнө чемпионаты учурунда көргөзмө уюштурууга кызыкдар экендигин айтышты. Ал эми сүрөттү жаратууга ар бир кыргызстандык салым кошуп, ири долбоордун катышуучусу боло алат. Каалоочулар келип, белгилүү футболчу Зинедин Зидандын портретин тартууда тактага мык кагып кетип жатышат. Биз ал эмгекти Францияга алып барып, Зиданга тапшырып, кол тамгасын алууга аракет кылабыз. Футболчу атайын жыйынтыктоочу алтын мыкты уруп, жипти байлайт. Ал эми сүрөттү Катарда аукциондо сатабыз", — деди Жаналиев.
Ошондой эле сүрөтчү футболчулардын кол тамгасы бар стринг-арт стилинде тартылган портреттерди сатып, түшкөн каражатты кайрымдуулукка которорун кошумчалады.
Толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүздөр: