Анжелина Жоли, Ирина Шейк... Кызыл килемди сарыга "боегон" жылдыздар

Sputnik

6-июль күнү башталган фестиваль эртең, 17-июлда, жыйынтыкталат. 2020-жылы бул иш-чара пандемияга байланыштуу өткөрүлгөн эмес. Быйыл айрым чектөөлөр болгонуна карабай Белла Хадид, Марион Котийяр, Карла Бруни, Энди Макдауэлл, Хелен Миррен, Жоди Фостер, Жессика Честейн сыяктуу атактуулар келишти.

Мода адистери быйыл кызыл килемге жылдыздардын көбү сары түстөгү кийим-кече менен чыкканын айтышты. Ал кызыл килемдин үстүндө ачык көрүнүп, адамды башкалардан айырмалап турары дагы кошумчаланды.

1 / 13
Фестиваль 6-июль күнү башталган. Сүрөттө блогер Jessica Wang
2 / 13
Актрисалар Малеа Эмма Тяндравиджая менен Жоди Тернер-Смит
3 / 13
Модель Ноэль Берринин көйнөгү көпчүлүктүн көңүлүн бурду
4 / 13
Мода адистери быйыл кызыл килемге жылдыздардын көбү сары түстөгү кийим-кече менен чыкканын айтып, бул өң модага айланарын белгилешти
5 / 13
Актриса Фархана Боди
6 / 13
The French Dispatch тасмасын көрсөтөр алдында жылдыздар кызыл килемден өтүштү
7 / 13
Таиланддык актриса Арая Харгейт
8 / 13
Айтылуу Ума Турман "Зильс-Мария" тасмасын көрсөтүү алдында
9 / 13
Актерлор Жулия Робертс, Жордж Клуни жана анын жубайы Амаль. 2016-жылы Канн фестивалында тартылган сүрөт.
10 / 13
Ырчы Камелия Жордана камера алдында
11 / 13
Актерлор Анжелина Жоли менен Брэд Питт. Канн фестивалында 2007-жылы тартылган сүрөт.
12 / 13
Россиялык модель Ирина Шейк
13 / 13
Актриса Шарлиз Терон. Канн фестивалы, 2015-жыл.