ДССУ башчысы COVID кытайлык лабораториядан чыккан деген пикирди четке какпайт

Эл аралык абройлуу уюмдун башчысы кытай бийлигин иликтөө жаатында "ачык болууга, жаап-жашырбоого жана кызматташууга" чакырган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус коронавирус жасалма жол менен жаралган деген пикирди четке какпай туруу керектигин айтты. Бул туурасында Sputnik радиосу Associated Press агенттигине таянып кабарлады.
Гебрейесус вирустун чындыгында кайдан чыккандагын билиш үчүн Кытайдын бийлиги менен кызматташууну сунуштаган.
"Мен өзүм да лаборант болгонмун, иммунологмун, лабораторияда иштегем. Ал жактарда ар кыл окуялар болуп кетет", — деген Гебрейесус.
ДССУ жетекчиси SARS-CoV-2 ушул сыяктуу себептен улам пайда болушу мүмкүн деген нерседен баш тартуу эртелик кыларын айтты. Ал иликтөө жаатында кытай бийлигин "ачык болууга, жаап-жашырбоого жана кызматташууга" чакырган.
"Бизге маалымат, болгондо да пандемияга чейин бул лабораторияда абал кандай болгону туурасында так маалымат керек. Эгерде толук маалымат алсак, анда четке кагабыз (COVID-19 лабораториядан пайда болуп, тараган деген пикирди)", – деген Гебрейесус.
АКШ коронавирус пандемиясына айыпкерди тапты
Быйылкы жылдын башында ДССУнун эксперттик тобу Кытайдагы Ухань шаарына коронавирус инфекциясы пайда болгон очокту табуу үчүн учуп барган. Аталган уюмдун кызматкерлери COVID-19 лабораториядан тараган деп айтыла калып жүргөн версияны да эске алышкан. АКШ эгерде Кытай барган окумуштууларга ошол жерде изилдөө жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бербесе дүйнө коомчулугунан бөлүп салуу керек дешкен. Кийинчерээк америкалык ЖМКлар COVID-19 Ухань шаарындагы лабораториядан чыккандыгынын белгилери табылганын жазышты. Америка президенти Жозеф Байден чалгын кызматынан COVID-19дун келип чыгышы боюнча маалыматтарды топтоону талап кылган.