Дарыгер коронавирус менен ооругандан кийин акыл-эс начарлап кетерин эскертти

Коронавируска чалдыккандар дүрбөлөңгө түшүп депрессия, невроз болуп жана коркуп калары белгиленет.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Коронавирустук инфекция адамдардын интеллектин — акыл-эсин төмөндөтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Новосибирск шаарындагы №3 психиатриялык оорукананын башкы дарыгери Яна Мохначева ngs.ru порталына билдирген.
Дарыгердин айтымында, COVID-19 менен ооруп айыккан адамдарда когнитивдик функциялардын төмөндөшү — эс тутум жана интеллектуалдык функциялардын начарлаганы байкалган. Аны калыбына келтирүү 4-8 айды талап кылат.
"Инфекция адам ооруп жатканда жана айыгуу маалында психикалык жактан таасир этет. Ооруну башынан өткөргөн улгайган кишилердин көбү эс тутумунан ажырап, алсыз болуп калууда", — деп айткан Мохначева.
Когнитивдик оорулар менен жаштар дагы жабыркайт. Коронавируска чалдыккан адамдар дүрбөлөңгө түшүп, депрессия, невроз болуп жана коркуп калары белгиленет. Ал эми бир пайыздан төмөнүрөөгү психозго кабылары айтылды.