Бишкек: эреже бузган айдоочулар 165 млн. сомдон ашык айып пулду төлөбөй жүрөт

Жол эрежелерин бузгандыгы үчүн жарым жылда 11 587 автоунаа убактылуу айып короого токтотулган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Бишкек шаарында быйылкы жарым жылдыкта мас болуп жана автоунаага тийиштүү документтери жок айдаган фактылар эң көп кездешкен. Бул тууралуу Бишкек шаардык кайгуул милициясы кабарлады.
Кайгуул кызматынын инспекторлору быйылкы жылдын алгачкы алты айында жол эрежелерди бузган фактылар боюнча 152 786 протокол толтурган.
Түзүлгөн протоколдордун негизинде жалпысынан 214 440 500 сом айып пул салынса, анын ичинен 48 755 352 сом мамлекеттик бюджетке түшкөн. Кайгуул милициясынын берген сандарына таянып эсептей келгенде айдоочуларга салынган айыптын ичинен 165 685 148 сомдон ашык айып пул төлөнө электигин көрүүгө болот.
Жарым жыл ичиндеги жол эрежесин бузган учурлар төмөнкүдөй мүнөздө болгон: