Ашраф Гани: Кабул "Талибан" менен сүйлөшүү жүргүзүүгө үмүттөнүп жатат

Афган бийлиги "Талибан" менен сүйлөшүүгө барууга аракет кыларын, ал үчүн болгон чараларды колдонорун билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Афганистан ортодогу көйгөйлөргө карабастан "Талибан"* кыймылынын согушкерлери менен сүйлөшүү жүрөт деп үмүттөнөт. Мындай билдирүүнү өлкө президенти Ашраф Гани билдиргенин РИА Новости жазды.
Ташкентте "Борбордук жана Түштүк Азия: аймактык карым-катнаш. Чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр" аталышындагы эки күндүк конференция өттү. Ага Өзбекстандын жана Афганистандын президенттери Шавкат Мирзиёев менен Ашраф Гани, Пакистандын премьер-министри Имран Хан, Еврокомиссиянын вице-президенти Жозеп Боррель, Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров катышууда.
"Биз ортодогу оор көйгөйлөргө карабастан "Талибан" менен сүйлөшүүгө аракет кылабыз. Бул үчүн болгон чараларды колдонобуз. Аларга бош келбейбиз", — деди Гани конференцияда.
Ал билдиргендей, учурда Пакистандан Афганистанды көздөй багыт алган согушкерлер көп.
"Талибан" жалгыз жолду сунуш кылды, же алардын тарабына өтүү, же аларга багынып берүү керек", — деген Афганистандын президенти.
Ошондой эле ал ар кандай эл аралык байкоочулар бир пикирге келгенине карабастан, "колдоону камсыз кылуу үчүн эч кандай аракеттерди жасабаганын" кошумчалады.
Эч кимге эми жеңил болбойт. Афганистандагы акыркы кырдаалга сереп
Афганистанда өкмөттүк күчтөр менен "Талибан" кыймылынын ортосунда тирешүү жүрүп келет. Согушкерлер өлкөнүн айыл жерлериндеги көптөгөн аймактарды ээлеп, чоң шаарларга кол салууда.
Афганистандагы саясий туруксуз абал АКШнын администрациясы 11-сентябрга чейин афган жеринен аскерлерди чыгарып кетүү убадасынан кийин курчуп жатат. 2020-жылы Дохада Вашингтон менен "Талибан" дээрлик 18 жылдык согуштан кийин биринчи жолу тынчтык келишимине кол коюшкан. Анда 14 айдын ичинде чет өлкөлүк аскерлерди Афганистандан чыгарып кетүү жана туткундарды алмаштыргандан соң афгандардын арасында өз ара сүйлөшүүлөрдү баштоо каралган.
* "Талибан" – Россияда террористтик уюм катары таанылып, тыюу салынган уюм.