Радио

Өмүров: ЖОЖго тапшыруу үчүн айрымдарга босого балл төмөндөтүлдү

Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров жогорку окуу жайга кабыл алуу быйыл дагы бирдиктүү https://2020.edu.gov.kg/ порталы аркылуу аралыктан онлайн жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
Sputnik
ЖОЖго тапшыруу үчүн айрымдарга босого балл төмөндөтүлдү. Бул тууралуу Нурлан Өмүров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, быйыл окуу жайга кабыл алуу үчүн босого балл бюджеттик орундарга 110, келишимдик негизде 105 деп белгиленген.
"Баткен облусунда болуп өткөн окуялардан улам ал жактын абитуриенттерине көмөк иретинде Баткен мамлекеттик университетине бюджеттик орундарга босого балл 100, келишимдик негизде 95 деп коюлду. Ошондой эле 1-2-топтогу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге ушундай эле жеңилдиктер берилди. Мындан тышкары, медицина тармагына тапшыруу үчүн босого балл негизги тесттен 110, ал эми предметтик биология жана химиядан дарылоо бөлүмүнө 55ке төмөндөтүлдү. Бул өткөн жылы 60 балл деп аныкталган. Ошондой эле фармация бөлүмүнө биологиядан 55, химиядан 60 деп белгиленди. Мына ушундан жогору балл алгандар белгиленген факультеттерге тапшыра алышат", — деди Өмүров.
Ал өлкөдөгү 73 окуу жайдын 33ү мамлекеттик, ал эми 40ы менчик экендигин кошумчалады.
Толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүздөр: