Биринчилерден болуп кан тамырлар системасы калыптанган. Ал муну жумуртканын сарысынан чок ортосуна, ийненин көзүндөй болуп согуп жаткан жүрөккө алып барган тамырчалар деп сүрөттөгөн. Видеонун авторун "сары дүйнөдөгү" молекулалар кандайча өзүнүн тартиби менен тизилип, куралышы керектигин "билгени" таң калтырган.
Төртүнчү күнү түйүлдүк биринчи кыймылын жасаган. Акырындап көзү жана буттары пайда боло баштаган. Алтынчы күнү караганда дароо эле көзү байкалган эмбрион балапандын сөлөкөтүнө келип калган. Шевченко тооктордун көзүнүн көлөмү дайыма өзгөрүп турарын түшүндүргөн.
12-күн дегенде капталында канаты жана болор-болбос жүнү чыгып, мойну ичкерип, башы жана буттары чоңойгон. Тажрыйба жасагандар балапанга кичинеден кычкылтек бере баштаган. Ал эми 19-күнү сары нерсе толугу менен жок болуп, "стаканды" толугу менен балапан ээлеген. 20-күнү блогер инкубатордон чыйпылдаган үндү угуп, ача салып, балапанды көргөн.
Шевченко бул тажрыйбасын 2018-жылы эле баштап, ондогон тооктор менен жүздөгөн жумуртканы сынап көргөн. Блогердин эксперименти жылуулук менен кычкылтекти туура, өзүнүн көлөмүндө бергенден кийин гана ишке ашкан.
Ал жумуртканын жасалма кабыгын тамак-аш пленкасынан жасап, ага минералдар менен бактерияга каршы химикаттарды сиңиргенин айтып берген.