Токио Олимпиадасына Кыргызстандан 16 спортчу барат. Акыркы тизме

Жөө күлүк Юлия Андреева жаракат алып калганына байланыштуу ири мелдешке катышуудан баш тартты.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Токио Олимпиадасына Кыргызстандан 16 спортчу бара турган болду. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Жөө күлүк Юлия Андреева жаракат алып калганына байланыштуу ири мелдешке катышпайт. Ошондуктан жети спорттун түрүнөн 16 атлет Кыргызстандын намысын талашмакчы.
Кыргызстан командасынын курамына грек-рим күрөшүнүн балбандары Жоламан Шаршенбеков (60 килограмм), Акжол Махмудов (77 килограмм), Атабек Азисбеков (87 килограмм) жана Үзүр Жусупбеков (97 килограмм) кирди.
Ал эми эркин күрөш чеберлеринен Эрназар Акматалиев (65 килограмм) менен Айаал Лазарев (125 килограмм) барат.
Япондордун кыргыз спортчусун колдоп Кыргызстандын гимнин ырдаган видеосу
Кыздар күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова (62 килограмм), Мээрим Жуманазарова (68 килограмм) жана Айпери Медет кызы (76 килограмм) аттанышат.
Дзюдо күрөшүнөн Владимир Золоев (81 килограмм), оор атлетикадан Бакдөөлөт Расулбеков (94 килограмм), фехтование спортунан Роман Петров, ок атуу спортунан Каныкей Кубанычбекова жана сууда сүзүү боюнча Денис Петрашов жолдомо алышкан.
Ал эми жеңил атлетикадан Дария Маслова (марафон, 42 чакырым) жана Нурсултан Кеңешбеков (5 000 метр) чуркай турган болду.
Ал эми Паралимпиадага ядро түртүү спортунун чебери Арстанбек Базаркулов менен дзюдочу Хайитхон Хусан кызы жолдомо уткан.
13-июль күнү министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов спортчуларды кабыл алып, команданын капитаны Атабек Азисбековго мамлекеттик тууну тапшырып, атлеттерди сапарга узаткан.