Талибдер ок атууну токтотуу үчүн эки шарт койду

Афганистанда америкалык аскерлер чыгып кете баштагандан тарта согушкерлер күчү жеткен аймактарды каратып, ок чыгарууну токтото элек.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. – Sputnik. "Талибан" радикалдуу кыймылынын ортого түшүп сүйлөшкөн өкүлү эгер камактагы 7 миң адам бошотулуп, БУУ аларды кара тизмеден чыгара турган болсо, үч айга чейин ок атууну токтото турганын айтты. Бул тууралуу РИА Новости 1TV News телеканалына таянып кабарлады.
Ушул тапта Афганистанда өкмөттүк армия менен "Талибан" кыймылынын ортосунда тирешүү жүрүп жатат. Согушкерлер айылдарды басып алып, эми ири шаарларга тап коюшууда. Кооптуу кырдаал Вашингтондун 11-сентябрга чейин бардык аскер күчүн чыгарып кетүү боюнча берген убадасынан кийин курчуй баштаган.
Афганистан азап чеккен өлкөгө айланып баратканда. Видео
"Талибандын" делегациясы менен Россия президентинин Афганистан боюнча атайын өкүлү, ТИМдин Азия боюнча экинчи департаментинин башчысы Замир Кабулов мындан бир нече күн мурда жолуккан. Өздөрүн "Ислам эмирлиги" деп атаган бул тараптын өкүлдөрү Афганистанда туруктуу тынчтыкты орнотууга кызыкдар экенин билдиришкен. Андан сырткары, аталган өлкөнү башка мамлекеттерге кол салуу үчүн колдонбой тургандыктарын айтышкан.
Буга катар эле Америка Кошмо Штаттары менен мамилени жаңы, таза барактан баштоо ниетин да жар салышкан. Анткен менен "Талибандын" активдеше башташы дүйнө коомчулугун жана Афганистанга чектеш мамлекеттерди, ири саясий эл аралык уюмдарды түйшөлтүүдө.