Россияда эмделбеген кызматкерлер иштен четтетилиши мүмкүн

Роспотребнадзор мекемеси 15-августка чейин соода, кызмат көрсөтүү, коомдук тамактануу, транспорт, саламаттык сактоо, маданият, билим берүү тармактарынын кызматкерлери 60 пайызга эмделип бүтсүн деген токтом чыгарган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Россияда айрым тармактардагы жумуш берүүчүлөр COVID-19га каршы эмделүүдөн баш тарткан кызматкерлерди иштен четтетип коё алат. Бул тууралуу Роструд мекемесине шилтеме берип "Известия" басылмасы жазды.
"Медициналык каршы көрсөтмөлөр жок учурда коронавируска каршы эмделүүдөн баш тарткан кызматкер иштен четтетилет жана ошол учурда ага айлык төлөнбөйт. Эмгек кодексинин 76-беренеси менен "Жугуштуу ооруларды алдын алуу тууралуу" мыйзам олуттуу себеби жок туруп эмделгиси келбеген адамдарды иштен четтетүүгө жол берет", — деп айтылат кабарда.
Адис Россияда COVID-19дун кийинки толкуну качан болорун божомолдоду
Буга чейин Роспотребнадзор мекемеси 15-августка чейин соода, кызмат көрсөтүү, коомдук тамактануу, транспорт, саламаттык сактоо, маданият, билим берүү тармактарынын кызматкерлери 60 пайызга эмделип бүтсүн деген токтом чыгарган.
Эске салсак, Москвада эмгек мигранттары коронавируска каршы "Спутник Лайт" препараты менен июнь айынын аягынан бери эмдөөдөн өтүп жатат.